Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:10

Базар-Коргондо бир кишини өлтүрүп, беш адамды жарадар кылган киши кармалды 


Ички иштер министрлиги билдиргендей, райондун Кызыл-Ай айылында 21-февралда үй-бүлөлүк жаңжал кандуу окуя менен аяктаган.

Кайненесинин үйүнө мас абалында барган күйөө бала аялы менен кошо беш кишини бычактаган. Алар туугандар жана кошуналар. Окуя болгон жерде алган жараатынан 34 жаштагы адам мерт кеткен. Беш киши азыр оор абалда реанимацияда жатат. Арасында алты жаштагы бала бар.

Кылмышка шектүү адам Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну, окуя болгондо качып кетип, кийинчерээк кармалган. Ал мурда да мал уурулук боюнча соттолгону, бир нече ай мурда шарттуу түрдө жаза алып, сот залынан бошотулганы белгилүү болду. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынды.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG