Советтер союзунда партиялык жогорку кызматтарды аркалаган Валентин Фалин 92 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги маркумдун туугандарына таянуу менен билдирди.
Фалин 1971-1982-жылдарда СССРдин Бонндогу элчиси болгон. КПССтин Борбордук комитетинин эл аралык бөлүмүн жетектеген. "Известия" гезитинде иштеп, 1986-1988-жылдарда "Новости" басма агенттигин башкарган. Ал тарых илимдеринин доктору, Германияны бириктирүү боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан. Акыркы мезгилде АКШнын саясатын кескин сындап жүргөнү белгилүү.