Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:27

Сегиз батирге жасалма документ жасап саткан топ кармалды


Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн бири. Иллюстрация.
Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн бири. Иллюстрация.

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда сегиз батирге жасалма документ жасап сатып жиберген алдамчылардын уюшкан тобу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Билдирүүдө айтылгандай, өткөн эки жыл ичинде Бишкек шаарында жана Чүйдүн Токмок шаарында бир нече тургун алардын үйүнө белгисиз жарандар жалган документ жасап сатып жибергенин айтып, ИИМдин аймактык бөлүмдөрүнө кайрылышкан. Иликтөө иштеринин натыйжасында бул иштерге тиешеси бар делген Нарын облусунун 43 жаштагы Д.З аттуу тургуну, Бишкек шаарынын 42 жаштагы А.М. аттуу тургуну жана Чүй облусунун 25 жаштагы Б.А. тургуну колго түшкөн. Кыймылсыз мүлк тармагында махинация жасаган бул топ бири-бири менен тууган экени аныкталган.

Тергөөдө маалым болгондой, алар бирөөлөрдүн батирин узак мөөнөткө ижарага алып, ошол учурда ал үйгө жасалма документ жасатып, андан ары сатып жиберишчү. Алар үйдүн техникалык паспортун жана алып-сатуу келишимдерин Мамлекеттик каттоо кызматынан алган маалыматтардын негизинде жеке нотариустарда, ломбарддарда жана башка жайларда жасашкан.

Мындай жол менен алар борбор калаадан үч батирди жана Токмокто беш батирди сатып жиберишкен. Андан кыймылсыз мүлк ээлерине жана үй сатып алгандарга жалпы 26 млн сомдой зыян келтиришкен.

Тергөө учурунда ишке аралашкан 100 күбө суралып, факт боюнча бардык далилдер табылган.

Кармалгандарга Кылмыш жана жаза кодексинин 350-беренесинин бир нече пункту ("Документтерди жасалмалоо"), 30-беренесинин 4-бөлүгү (“Кылмышка шериктеш болуу”) жана 166-беренесинин эки бөлүгү ("Алдамчылык") менен айып тагылып, козголгон кылмыш иши сотко өткөрүлүп берилди. (ErN)

XS
SM
MD
LG