Журналист Элнура Алкановага козголгон кылмыш иши боюнча экс-президент Роза Отунбаева баштаган бир нече саясий-коомдук ишмерлер президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу кайрылууга кол койгон саясатчылардын бири Эмил Каптагаев “Азаттыкка” билдирди.
Саясатчылардын кайрылуусунда “Алкановага козголгон кылмыш иши мыйзамсыз жана негизсиз” деп бааланып, бул “коомчулукту терең кыжаалат кылып, катуу кыжырлантып жатканы” айтылат. “Бул жагдай тергөө органдары эч нерседен коркпой эле бийликке жакпаган адамдарды ачык куугунтукка ала баштаганынын таасын күбөсү” дешет кайрылууга кол койгондор.
Кайрылуу жолдогондор президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүүнү өзүнүн негизги саясий иши катары жарыя кылган чакта, коррупциялык аракеттерди ашкерелеген журналистке ушундай куугунтук жасалып жатканын “эки жүздүүлүк” катары баалашат. Алар президенттен бул ишти жеке көзөмөлгө алып, журналист Элнура Алканованы кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндөгү чечимди жокко чыгарууну баш прокурор Индира Жолдубаевага тапшырууну өтүнүшкөн.
Кайрылууга экс-президент Роза Отунбаевадан башка, саясий-коомдук ишмерлер Абдыганы Эркебаев, Феликс Кулов, Эмил Каптагаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Асия Сасыкбаева, Элмира Ногойбаева, Гүлнара Журабаева, Рита Карасартова, Олжобай Шакир, депутаттар Жанар Акаев, Наталья Никитенко жана башкалар кол коюшкан. Жогорудагы пикирге колдогон дагы башка саясатчылар кол койгондон кийин документ президенттин аппаратына тапшырылат.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча кызмат Элнура Алкановага "Коммерциялык же банктык жашыруун сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз алуу" жана "Коммерциялык же банктык жашыруун сырды таратуу" боюнча беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Алканова былтыр Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 48 коттежди сатып жибергенин жазып чыккан. (ErN)