Түрмөнстандын газын Индияга чейин жеткире турган газ куурунун Ооганстандагы бөлүгүнүн курулушу башталды. 23-февралда Герат шаарында курулуштун башталышына арналган салтанат өтүп, ага Ооганстандын президенти Ашраф Гани, түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов, Пакистандын премьер-министри Шахид Хакан Аббаси, Индиянын тышкы иштер министри Мобашар Жавед Акбар катышты.
- Көгүлтүр отундун дүйнөдөгү экинчи ири булагы болгон Галкыныш кени ТАПИ долбоорун газ менен камсыз кылат, - деди түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедов.
Бир нече миллиард долларга бааланган ТАПИ (Түрмөнстан-Ооганстан-Пакистан-Индия) куурунун узундугу 1800 чакырымды түзөт. Долбоор боюнча куурдун кубаттуулугу жылына 33 миллиард куб метр газ өткөрүшү керек. Каракум чөлүндөгү Галкыныш кенинде 16 триллион куб метр газ кору бар.