Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:07

Түркия Нидерланддын армян кыргыны тууралуу чечимин сындады


Нидерланд парламентинин имараты.
Нидерланд парламентинин имараты.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Нидерланддын Анкарадагы элчисин чакыртып, бул өлкөнүн парламентинин 1915-жылдагы Осмон империясынын тушундагы армян кыргынын геноцид деп тааныган чечимин катуу сынга алды.

Түркиянын "Анадолу" мамлекеттик жаңылыктар агенттиги кабарлагандай, Нидерланд элчиси Эрик Вестстрате соңку бир аптада ушуну менен экинчи жолу чакыртылды. Түрк тышкы иштер министрлиги өткөн аптада Нидерланддын парламенти маселени карай турганы анык болгондон кийин да андан түшүндүрмө сураган болчу.

22-февралда Нидерланд депутаттарынын басымдуу бөлүгү 103 жыл мурда 1,5 миллион армяндын жапырт өлтүрүлүшүн геноцид деп тааныган.

Түркия Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда осмон түрктөрү тараптан да, армян тараптан да адамдар кырылганын, бул окуяны “геноцид” деп атоо туура эмес экенин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG