Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:00

Кыргызстанда 2017-жылы 1,5 миллион тонна картошка өндүрүлдү


Картошка жыйноо учуру. Иллюстрация.
Картошка жыйноо учуру. Иллюстрация.

Кыргызстанда 2017-жылы 1 млн. 417 миң тонна картошка өндүрүлдү. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады.

Бул көрсөткүч өткөн жылдарга салыштырмалуу миң тоннанын тегерегинде гана көп. Мекеме кабарлагандай, мунун жарымынан көбү Кыргызстандын өзүндө калат.

Экономика министрлиги былтыр өлкөдө 1 млн. 556 миң тонна сүт, 1 млн. 87 миң тонна жашылча-жемиш, 259 миң тонна бакча жемиштери (дарбыз, коон, ашкабак), 241 миң тонна мөмө-жемиш, 103 миң тонна буурчак өндүрүлгөнүн билдирди.

Мындан сырткары Кыргызстанда өткөн жылы 395 миң тонна эт өндүрүлгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG