Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы (ЭККК) автотранспортторду каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Балыкчы шаардык башкармалыгынын кызматкерлери жана жеке автомектептин жетекчилиги бир адамга мыйзамсыз айдоочулук күбөлүк берип жибергени тууралуу маалымат таратты.
Анда айтылгандай, Балыкчы шаарындагы “К. Усенбаев” атындагы жеке менчик автомектеп А.Д. аттуу жаранды окутпай туруп эле айдоочулукту үйрөнгөнү тууралуу күбөлүк берип койгон. ЭКККнын маалыматына караганда, "окуудан өттү" деп документ толтурулган убакта А.Д. Орусияда жүргөнүн тергөө учурунда мойнуна алган. Ал ошондой эле медициналык текшерүүдөн өтпөгөнү да аныкталганы жазылган.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын маалыматы боюнча, ага карабай Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Автотранспортторду каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Балыкчы шаардык башкармалыгынын кызматкерлери аталган жаранга айдоочулук күбөлүк берип коюшкан.
Таратылган маалыматка караганда, факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренесинин (“Кызматтык жасалмалоо”), 350-беренесинин ("Документтерди жасалмалоо") жана 221-беренесинин ("Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктардан аша чабышы") негизинде кылмыш иши козголгон.
Ал эми өзүн Адилет Джумагулов деп тааныштырган балыкчылык тургун “Азаттыкка” комментарий берип, кеп болуп жаткан фактыда анын айдоочулук күбөлүгү сөз болуп жатканын, бирок ал документти мыйзамдуу алганын билдирди. Ал Орусияга тынбай барып келип тураарын, автомектепте кадимкидей окуганын, медициналык аныктаманы өзү алып, экзаменди да өзү келип тапшырганын айтууда. Джумагулов ошол эле кезде окуду деп күбөлүк алган үч ай ичинде бир апта гана Кыргызстанда болгонун мойнуна алды. (ErN)