Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:16

Түркия: Орусия менен Иран Сирия режимин токтотушу керек


Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу
Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу

Сирия өкмөтүнүн көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн Чыгыш Гута аймагындагы бомба чабуулдарын айыптаган өлкөлөрдүн катарына Түркия да кошулду.

"Орусия менен Иран Сириянын режимин токтотушу керек",-деп билдирди 23-февралда түрк тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу.

Ал Чыгыш Гутадагы бомба чабуулдары менен Идлиб провинциясындагы көтөрүлүшчүлөрдүн позицияларын бутага алуу Астана сүйлөшүүлөрүндө Анкара, Москва жана Тегерандын ортосундагы жетишилген макулдашууларга каршы келерин кошумчалады.

Дамасктын четиндеги конушта 18-февралдан бери токтобой жаткан чабуулдардан 400дөн жайкын тургун мерт болгону кабарланууда.

Түркиянын алдында АКШ да Орусияны Сирия өкмөтүнө көрсөтө алчу таасирин колдонуп, киши өлтүрүүлөрдү токтотууга чакырган.

Америкалык дипломаттар Гутадагы кармашты 30 күнгө токтото турууну сунуштап жатышат. Мындай резолюцияга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши бүгүн добуш берет деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG