Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:20

Бишкекте өрттөн качып көп кабаттуу үйдөн секирген өспүрүм каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында өрттөн качмак болуп 5-кабаттан секирген өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, 22-февралда баш калаанын Свердлов районундагы Түгөлбай-Ата көчөсүндөгү №1 “А” үйүндө өрт чыккан. Үйдөгү батирлердин биринин ашканасы менен залы күйгөн. Оттон качкан 14 жаштагы А. Э. балконго чыгып, жерге секирип кеткен. Аны "Тез жардам" кызматы шаардык №3 ооруканага жеткирген. Бирок өспүрүм оор жаракаттан улам өзүнө келе албай, каза болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, өрттүн себеби электр жабдууларын туура эмес колдонуу болгон. Өрт тууралуу саат 15:19да кабар келип, өрткө каршы кызмат чыгып кеткен. Өрт 16:24тө басылып, 16:42де толук өчүрүлгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG