Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Иранда жоолугун чечкен дагы эки аял кармалды


Ирандын баш калаасы Тегеранда милдеттүү түрдө баш кийим кийүүнү талап кылган мыйзамга нааразылык билдирген дагы эки аял камакка алынганы белгилүү болду. Алар каршылык иретинде Тегеранда көрүнө жерге чыгып алып, эл алдында хижабдарын чечип, аларды колуна кармап турушкан.

Аялдардын бири Шапарак Шахизадех 21-февралдагы кармоо учурунда ур-токмокко кабылганын анын үй-бүлөсү билдирип чыкты. Экинчи аял 22-февралда кармалганы кабарланууда.

Февраль айынын башында Иран полициясы жоолуктарын чечип салган 29 аялды кармаган. 1979-жылкы Ислам революциясынан кийин Иранда аялдар милдеттүү түрдө хижаб кийип калышкан.

XS
SM
MD
LG