Линктер

бейшемби, 16-август, 2018 Бишкек убактысы 20:44

Издөөдө жүргөн кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды


Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кылмыштуу топтун мүчөсүн кармашкан. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымат бөлүмүнүн кызматкери Адыл Оморов “Азаттык” радиосуна билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-февраль күнү милиция кызматкерлери К.М аттуу жаранды текшергенде, жанынан колго жасалган эки бычак табышкан. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси (мыйзамсыз курал алып жүрүү) менен кылмыш иши козголду.

Кармалган жаран буга чейин алдамчылык фактысы боюнча издөөдө жүргөн жана Ички иштер министрлигиндеги атайын тизмеде “кылмыштуу топтун” мүчөсү катары катталганы аныкталды.

Учурда шектүү эки айга камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG