Линктер

ишемби, 21-июль, 2018 Бишкек убактысы 16:01

Быйыл Түркмөнстандагы массалык вело жарышка мамлекеттик ишканалардан үчтөн алтыга чейин адам катышуусу керек. Алар велосипедди өз акчасына сатып алууга милдеттендирилди.

"Азаттыктын" түркмөн кызматынын кабарчысынын айтымында, айрым мамлекеттик мекемелер акча чогултуп, велосипед сатып алууну чечкен.

“Учурда кызматкерлер жарышка катыша турган кесиптештерине велосипед сатып алууга акча чогултмай болушту. Түркмөнстанда велосипед чыгарган завод жок. Өлкөдө анын баасы 3000-4000 (болжолдуу 1000 АКШ доллары) манат турат”, – деп билдирди "Азаттыктын" түркмөн кызматынын кабарчысы.

Анын айтымында, мекемедеги кызматкерлердин санына жараша акча чогултулууда. (TSh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG