Линктер

ишемби, 26-май, 2018 Бишкек убактысы 15:59

БУУ Cириядагы атышууну токтотуу боюнча резолюция кабыл алды


Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя

БУУнун Коопсуздук кеңеши Cириядагы ок атышууну токтотуу боюнча резолюцияны бир добуштан кабыл алды. Бул тынчтык келишими чукул арада ишке кирери күтүлүүдө. Акыркы жумада эле Сириянын Чыгыш Гута аймагында чабуулдардан кеминде 500дөй тургун набыт болгон.

АКШнын Коопсуздук кеңешиндеги туруктуу өкүлү Орусиянын макул деп добуш бергенине карабай Москваны кескин сындады. Ники Хейли бул документти эртелеп кабыл алуу менен жүздөгөн өмүрдү сактап калууга болмок деди.

Ал эми Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя өз кезегинде АКШнын Сирия боюнча кадамын айыптап, Москва резолюциянын “субъективдүү чечмеленишине” жана аймактагы чыңалууну курчутууга жол бербесин эскертти.

Буга чейин АКШ басылмалары Орусия резолюциядагы Сирия көйгөйлөрүн чечүүгө байланыштуу 11 долбоорго вето койгонун жазышкан. (TSh)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG