Линктер

жума, 20-июль, 2018 Бишкек убактысы 07:08

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргызстандык кыздын зордуктоо аракетине туш болгону тууралуу окуяны териштирип жатат. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты.

Буга чейин орусиялык басылмалар кыргызстандык жаран полицияга арыз менен кайрылганын жазып чыгышкан. Анда "Санкт-Петербург шаарында ишемби түнү белгисиз кишилер кызды алдап автоунаага салып, зордуктоого аракет кылышкан. Кыздын каршылыгынан кийин уюлдук телефонун жана 500 рублин алып кое беришкен" деп айтылат.

Орусияда Кыргызстандын миңдеген жарандары мигрант болуп эмгектенишет. (TSh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG