Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

Нарынга Кичи Памирден дагы тогуз киши келди


Памирликтердин Нарынга келиши. 2017-жыл.
Памирликтердин Нарынга келиши. 2017-жыл.

18-февралда Ооганстандын Кичи Памирин мекендеген кыргыздардан дагы эки үй-бүлө өз каражаты менен Нарынга келген. Алар бир жума бою Нарын шаарындагы ооруканада текшерүүдөн өтүп, бүгүн 25-февралда Кочкор районуна келишти. Аларды район жетекчилиги тосуп алып, мындан ары жашоосун улантуу үчүн Кара-Тоо айылындагы №15 кесиптик лицейинин жатаканасына жайгаштырды.

Ооганстандын Памир тоолорун байырлап калган кыргыздардын 30дан ашыгы учурда Нарындын Куланак айылында жаңыча жашоого ылайыкташуу сыноосунан өтүп жатышат. Ал жакта памирлик боордоштор кыргыз арибин үйрөнүүдө. Алар Кыргызстан менен Ооган өкмөтүнүн келишиминин негизинде билим алуу үчүн убактылуу келишкен. (TSh)

"Азаттыктын" архиви: Оогандык Нуруллонун сагынычы

Оогандык Нуруллонун сагынычы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:26 0:00

XS
SM
MD
LG