Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:09

Олимпиаданын жабылышында Орусия өз желеги менен чыга албайт


Алина Загитова
Алина Загитова

Эл аралык Олимпиада комитети Орусиянын спортчуларына Түштүк Кореянын Пхёнчхаң шаарындагы Олимп оюндарынын жабылуу аземинде өз өлкөсүнүн желеги менен чыгууга тыюу салды.

25-февралда Эл аралык Олимпиада комитетинин мүчөлөрү добуш берип, натыйжада орус спортчулары өз мамлекетинин желеги менен чыгууга тыюу салган чечим өзгөрүүсүз калды.

Ошентип, бүгүнкү жабылуу аземинде дагы орус атлеттери Олимпиаданын нейтралдуу желеги менен чыгышат.

Буга чейин Эл аралык комитет Олимпиада жүрүшүндө Орусия антидопинг эрежелерин сактай алса, оюндун жабылуу аземинде өз өлкөсүнүн желеги менен чыга алат деп билдирген.

Орусиялык спортчулар (кёрлинг) Александр Крушельницкий менен (бобслей) Надежда Сергееванын канынан кызытма табылган. Крушельницкий аялы Анастасия Брызгалова менен (кёрлинг) норвегиялык жупту утуп алып, коло медал тагынышкан. Крушельницкийдин канынан кызытма табылганына байланыштуу жуптар медалдан кол жуушту.

Эл аралык Олимпиада комитети Орусиянын курама командасына Түштүк Кореянын Пхёнчхаң шаарында өтчү кышкы Олимп оюндарына катышууга тыюу салган. Буга Орусиянын бийлиги колдоого алган допинг программасы себеп болгон. Анткен менен комитет кызытма колдонбогон спортчуларга Олимпиадада нейтралдуу желек менен чыгууга уруксат берген.

XS
SM
MD
LG