Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:50

Түштүк Кореяда кышкы Олимпиада аяктады


Пхёнчхаң, 25-февраль
Пхёнчхаң, 25-февраль

Салтанаттуу аземде Олимпиаданын оту өчүрүлдү.

Расмий эмес маалыматтар боюнча Түштүк Кореянын Пхёнчхаң шаарында өтүп жаткан Олимпиадада Норвегиянын курама командасы жалпы командалык эсеп боюнча алдыга чыкты. Норвегиялык спортчулар Олимпиадада 39 медал алышты. (14 алтын, 14 күмүш жана 11 коло)

Норвегиялыктар 2010-жылдагы Ванкуверде өткөн Олимпиада оюндарындагы АКШ курама командасынын (37 медал) эсебинен ашып рекордду жаңыртышты.

Олимпиаданын жабылышында орус спортчулары нейтралдуу желек менен чыгышты. 25-февралда Эл аралык Олимпиада комитетинин мүчөлөрү добуш берип, натыйжада орус спортчулары өз мамлекетинин желеги менен чыгууга тыюу салган чечимин өзгөртүүсүз калтырган.

Буга чейин Эл аралык комитет Олимпиада жүрүшүндө Орусия антидопинг эрежелерин сактай алса, оюндун жабылуу аземинде өз өлкөсүнүн желеги менен чыга алат деп билдирген.

Орусиялык спортчулар (кёрлинг) Александр Крушельницкий менен (бобслей) Надежда Сергееванын канынан кызытма табылган. Крушельницкий аялы Анастасия Брызгалова менен (кёрлинг) норвегиялык жупту утуп алып, коло медал тагынышкан. Крушельницкийдин канынан кызытма табылганына байланыштуу жуптар медалдан кол жуушту.

Кыргызстандан Пхёнчхаңда өткөн Олимпиадага эки спортчу катышкан. Алар Евгений Тимофеев (тоо лыжасы) менен Тариэл Жаркымбаев (лыжа жарышы). Тилекке каршы кыргызстандык спортчулар байгелүү орундарга илинген жок.

XS
SM
MD
LG