Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:17

Кытайда төраганын бийлигин эки мөөнөт менен чектөөнү жоюу сунушталды


Си Цзинпин Компартиянын курултайында. Бээжин, 24-октябрь, 2017-жыл.

Бул сунуш азыркы лидер Си Цзинпиндин бийликте 2023-жылдан кийин да калышына жол ачат.

Мамлекеттик “Синхуа” агенттигинин 25-февралдагы маалыматына караганда, Коммунисттик партия Кытайдын Конституциясынын президент жана вице-президент “катары менен эки мөөнөттөн ашуун иштей албайт” деген жобосун жоюуну сунуштады.

Мындай сунуш Компартиянын Борбордук комитетинин үч күндүк жыйынын утурлай жасалды.

26-февралда баштала турган кеңешмеде бир катар маанилүү, анын ичинде кадр маселелери да талкууланары күтүлүүдө.

“Синхуа” кабарлагандай, Компартиянын Борбордук комитети ошондой эле президент “Си Цзинпиндин Жаңы доор үчүн социализмдин кытайлык мүнөзү деген оюн да Конституцияга киргизүүнү” сунуштаган.

Си Цзинпин Кытайды 2012-жылдан бери башкарып келет жана өлкөнүн ондогон жылдар ичиндеги эң кубаттуу лидерине айланды.

Компартия экинчи беш жылдык мөөнөткө аны былтыр октябрдагы курултайда бекиткен. (UE)

XS
SM
MD
LG