Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:44

Москвада "Немцов маршына" миңдеген адам катышты


"Немцов маршынын" катышуучулары. Москва, 25-февраль, 2018-жыл.
"Немцов маршынын" катышуучулары. Москва, 25-февраль, 2018-жыл.

Орусияда оппозициячыл саясатчы, маркум Борис Немцовду эскерүү иш-чарасы болду.

Кремлди сындап жүргөн саясатчы Москванын чок ортосунда атып өлтүрүлгөн күндүн үч жылдыгын утурлаган акциялар Орусиянын бир катар шаарларында өтүп, борбордо ага миңдеген адам катышты.

Москвадагы демонстранттардын эң чоң тобу сап башында “Жаза сөзсүз болот!", "Биз унутпайбыз, биз кечирбейбиз!” деген ураандарды көтөрүп жүрүштү. Маркум Немцовду эскерген көчө жүрүштөрү, жыйындары башка бир катар шаарларда да өткөрүлдү.

- Адамдардын былтыркыдан көп чыкканы мен үчүн да күтүүсүз болду. Бул, албетте, шыктандырат. Үч жыл өткөнүнө карабай адамдар жыйналып атат, Немцовду өлтүрүүнү уюштургандарды жазалоо талабы экинчи планга кетип калган жок, - деди оппозициячыл саясатчы Илья Яшин “Азаттык” радиосуна.

Президент Владимир Путинди сындап жүргөн Борис Немцов 2015-жылдын 27-февралында Москванын Кремлге жакын жайгашкан көпүрөсүндө атып өлтүрүлгөн эле.

Орусия соту Немцовдун өлтүрүлүшү үчүн чеченстандык беш жигитти айыптап, аларды былтыр июлда узак мөөнөткө түрмөгө кескен. Бирок маркум саясатчынын жакындары менен кызматташтары аны өлтүрүү тууралуу буйрук жогору жактан берилген деген ишенимде. Алар ошол буйрук берген адам же адамдар аныкталып, жазаланмайынча адилеттик орнобойт деп эсептешет. (UE)

XS
SM
MD
LG