Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдиргендей, материалдардын көптүгүнө байланыштуу депутаттык комиссиянын иш мөөнөтүн 1-апрелге чейин узартуу тууралуу токтом кабыл алынды.
Быйыл 26-январда Бишкек Жылуулук электр борборундагы суу бөлүштүрүүчү жабдык иштен чыгып, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилген жок.
Бул кырдаал жарым жыл мурун модернизацияланган жылуулук борборуна карата сын-пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан.
Авария боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси ("Шалаакылык") менен кылмыш иши козголгон. Кырдаалдын чоо-жайын парламентте депутаттык, өкмөттө мекеме аралык комиссия иликтей баштаган. Депутаттар модернизацияга кеткен Кытай насыясынын чоо-жайын да иликтеп жатат. (NT)