Линктер

шейшемби, 22-май, 2018 Бишкек убактысы 19:39

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыровдун камалганын ырастады. Маалыматка караганда, Кадыровго “Опузалоо”, “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”, “Пара талап кылуу” беренелери менен айып тагылууда.

22-февралдын кечинде Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү Кадыровдун камакка алынышы жөнүндө кабарды тастыктап же төгүндөй албай турганын билдирген. Мунун алдында мурдагы башкы прокурордун уулу, 42 жаштагы Алишер он чакты күн мурун өлкөдөн качып кеткени тууралуу расмий эмес кабарлар тараган.

66 жаштагы Кадыров бул жогорку кызматты 15 жыл бою жетектеп, 2015-жылдын апрель айында иштен алынган.

Кадыров Өзбекстандагы эң бай адамдардын бири деген маалыматтар да бар.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG