Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:02

Коомдук ишмер Эсенгул Өмүралиев дүйнө салды

Эсенгул Өмүралиев.
Эсенгул Өмүралиев.

68 жаш курагында коомдук ишмер, мурдагы вице-премьер-министр Эсенгул Өмүралиев дүйнө салды. Бул тууралуу өкмөт кабарлады. Маалыматка ылайык, маркум узак убакыттан бери катуу ооруп жүргөн.

Эсенгул Өмүралиев 1950-жылы Ысык-Көл облусунда Тоң айылында туулган. Фрунзе Политехникалык институтун бүтүргөн соң Электро-механика илим изилдөө институтунда бир нече жыл иштеген.

Кыргызстандын эгемендик жылдарында бир нече жолу министр, эки ирет вице-премьер-министр, Жогорку Кеңештин депутаты жана Ысык-Көл облусунун губернатору болуп иштеген.

2016-жылга чейин Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болуп эмгектенген.

Маркум менен коштошуу зыйнаты 27-февралда Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында өтөт. Сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат. (BkA)

XS
SM
MD
LG