Линктер

шейшемби, 13-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:33

Айыл чарбасына жеңилдетилген насыя берилет


Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жылга айыл чарбасын колдоого багытталган жеңилдетилген насыяларды берүүгө бюджеттен 1 миллиард 50 миллион сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.

Андан алынган маалыматка ылайык, кыргыз өкмөтү 14-февралда “Айыл чарбасын каржылоо - 6” долбоорун бекитти. Анын алкагында өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы үчүн жылына 10 пайыз, айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүү тармагына 6 пайыз менен, багбанчылыкка 8 жылдык үстөк менен насыя берүү улантылат. Насыя берүү мөөнөтү үч жылга эсептелген.

Министрликтин маалыматы боюнча, каралган каражаттын 50 пайызы мал чарбачылыгына, 25 пайызы дыйканчылыкка жана 25 пайызы кайра иштетүүгө берилет. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG