Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:05

Казакстанда өзбекстандыктар бараткан автобус кырсыкка учурады


Актөбөдөгү жол кырсыгы.
Актөбөдөгү жол кырсыгы.

Казакстандын Актөбө облусунда жүргүнчү ташыган автобус кырсыкка учурады. Анын айынан жети киши жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин аймактык департаменти билдириди.

Полициянын маалыматы боюнча, кырсык 25-февраль күнү кечинде Самара-Шымкент унаа жолунун Хромтау районундагы бөлүгүндө болгон. Автобус Өзбекстандын жарандарын алып бараткан. Ичинде 25 жүргүнчү болгон.

«Актөбөдөн Хромтау шаарына бараткан 35 жаштагы айдоочу рулду башкара албай калып, автобус оодарылып кеткен. Жыйынтыгында түрдүү жарааттары менен жети жүргүнчү райондук оорукана жеткирилди. Алардын баары Өзбекстандын жарандары», деп жазылган департаменттин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Полиция «Жол кыймылынын же транспорт каражатын пайдалануунун эрежелерин бузуу» беренеси боюнча тергөө иштерин баштады.

18-январда Казакстандын Актөбө облусунда Орусияга бараткан өзбекстандык мигранттар түшкөн автобус өрттөнүп кетип, андан 52 адамдын өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG