Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:43

Рак ооруларын дарылоочу “Бабатрон” жабдыгы ишке берилди


Бишкектеги Онкология жана гематология борбору.
Бишкектеги Онкология жана гематология борбору.

Бишкектеги Онкология жана гематология борборунда рак ооруларын нур менен дарылоочу “Бабатрон 2” жабдыгы ишке берилди. Бул иш-чарага премьер-министр Сапар Исаков катышты. Өкмөт башчысы мындай жабдык рак ооруларын дарылаш үчүн эң керектүү экенин белгилеп, ооруканага мындан ары да көңүл буруларын билдирди.

Буга чейин онкологиялык ооруларды нур менен дарылоочу жабдык иштен чыкканы үчүн абдан чоң кыйынчылык жаралган. Жаңы жабдык Индия өкмөтүнүн жардамы менен сатып алынды.

Сапар Исаков Онкология жана гематология борборунун имаратын оңдоо иштери сентябрь айына чейин бүткөрүлүшү керек экенин жана жаңы жабдыктар сатып алынарын билдирди. Премьердин маалыматына караганда, "Centerra Gold" компаниясы менен онкологиялык ооруларды колдоо боюнча фонд түзүлүп, жабдыктар ошонун эсебинен алынат.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 25 миңден ашуун адам түрдүү онкологиялык оорулар менен дарыгерлердин каттоосунда турат. (BkA)

XS
SM
MD
LG