Линктер

жекшемби, 22-июль, 2018 Бишкек убактысы 16:57

Улуу Британиянын Лестер шаарындагы жекшембинин кечинде болгон жарылуудан төрт киши мерт болду. Дагы төрт киши жарадар болгонун жергиликтүү полициянын өкүлдөрү дүйшөмбүдө билдиришти.

Дүкөн жана турак үйлөр жайгашкан үч кабаттуу имаратта адегенде катуу жарылуу болуп, андан соң өрт чыккан.

Лестердин полициясы окуяны азырынча теракт деп атаган жок. Жарылуунун болжолдуу себептери тууралуу да маалымат бериле элек.

2017-жылы Улуу Британияда бир нече террорчул чабуулдар болуп, андан баш аягы 34 адамдын өмүрү кыйылып, 200гө чукул киши жараат алган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG