Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:58

Асылбек уулунун атасы: Уулумдун улуту кыргыз, ал Кыргызстандын жараны


Асылбек уулу Дамирбек.
Асылбек уулу Дамирбек.

Казакстанда аткезчилик боюнча айыпталып кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун улуту кыргыз жана ал Караколдо туулуп-өскөн. Бул тууралуу депутаттын атасы Асылбек Супатаев “Азаттыктын” кабарчысына айтып берди.

Анын айтымында, уулу казак жарандыгын алганы тууралуу эч кабары жок болчу.

- Уулубуз Караколдо төрөлүп, кийин 8-класстан соң Бишкекке спорт мектебине кеткен. Анын Казакстанда туулганы жана улуту казак экени тууралуу маалымат жалган, - деди Асылбек Супатаев.

Ошондой эле Супатаев уулунун ысымы Динарбек Супатаев болгонун, кийин аты-жөнүн өзгөрткөнүн да ырастады.

Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу 17-февралда Казакстанда аткезчилик боюнча шектүү катары кармалган. Ал жана Кыргызстандын дагы эки жараны эки айга камакка алынган.

Кийинчерээк Казакстандын мамлекеттик органдары Дамирбек Асылбек уулу казак жараны, улуту казак экени тууралуу маалымат тараткан. (BkA)

XS
SM
MD
LG