Линктер

жекшемби, 21-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:48

Словакияда иликтөөчү журналист киши колдуу болду


Журналист Ян Кучак.

Словакияда иликтөөлөрдү жүргүзүп келген 27 жаштагы журналист Ян Кучакты өз үйүндө сүйлөшкөн кызы менен кошо атып кетишти. Словак полициясынын башчысы Тибор Гаспардын айтымында, журналист менен анын сүйлөшкөн кызынын өлүгү 25-февралдын кечинде алардын Велка-Мака шаарындагы үйүндө табылган.

Полиция Ян Кучактын өлүмүнө анын журналисттик иликтөөлөрү себеп болушу мүмкүн экенин билдирди. Кучак "Aktuality.sk" интернет басылмасында иштеп келген.

Ал акыркы жолу 9-февралда баш калаа Братиславадагы кымбат баалуу турак жай комплексинин айланасындагы көз боёмочулук тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Бул комплекстин курулушу былтыр Словакияда нааразылык акцияларын жаратып, ага чогулгандар курулушка катышы бар экени айтылган ички иштер министри Роберт Калинаканын кызматтан кетишин талап кылышкан. Министр мыйзам бузбаганын билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG