Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:02

ТИМ: Казакстандагы жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Алматы облусундагы кыргызстандыктар катышкан жол кырсыгы жөнүндө маалымат такталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Буга чейин “Замандаш” ассоциациясы Бишкек-Алматы жолунда кыргыз жарандары түшкөн «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү автоунаа кырсыкка учурап, эки адам мерт болгонун кабарлаган. Алардын бири Кыргызстандын жараны, экинчиси Кыргызстанда туулуп-өскөн Казакстандын жараны болгону такталды. Баштапкы маалыматка караганда, автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, автобус менен кагышкан. Кырсыктан үч адам жаракат алып, ооруканага жаткырылды, алардын бирөөнүн абалы оор.

Тышкы иштер министрлиги азыр бул окуя боюнча Алматыдагы кыргыз консулдары иштеп жатышканын билдирди. (BkA)

XS
SM
MD
LG