Линктер

дүйшөмбү, 25-июнь, 2018 Бишкек убактысы 10:14

Крым жарым аралында орусиялык "Pussy Riot" панк тобунун мүчөлөрү кармалды. Алгач Ольга Борисова топтун бир мүчөсү Александр Софеев менен кошо 25-февралда кармалганын "Твиттердеги" барагына жазды.

Кийинчерээк топтун үчүнчү мүчөсү Мария Алёхина да Крымга келгенде кармалганын Борисова дүйшөмбү күнү билдирди.

Крымдык адвокат Эмил Курбединов "Pussy Riot" панк тобунун үч мүчөсү дүйшөмбү күнү медициналык институтка текшерүүдөн өтүш үчүн жөнөтүлгөнүн айтып, андан башка маалымат бере алган жок.

Текшерүүдөн кийин Борисова полиция бекетине алынып келгенин, Алёхина болсо бошотулганын "Эркин Европа" / "Азаттык" радиосунун кабарчысы билдирди. Софеевдин кайда экени белгисиз.

Алёхина менен Борисова былтыр август айында украиналык режиссер Олег Сенцов камалып жаткан Сибирдеги түрмөнүн жанында нааразылык акциясын уюштурганы үчүн кармалып, аларга айыппул салынган.

2012-жылы "Pussy Riot" панк тобунун эки мүчөсү чиркөөдө ошол учурдагы премьер-министр Владимир Путинди сындап ыр ырдашканы үчүн сот жообуна тартылган. Алардын кармалышы эл аралык коомчулуктун сынына кабылган эле.

XS
SM
MD
LG