Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:07

Путин Чыгыш Гутада гуманитардык коридор ачууну буюрду


Орус президенти Владимир Путин
Орус президенти Владимир Путин

Орусия 27-февралдан тарта Сириянын көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн Гута аймагында күн сайын гуманитардык коридор ачылып тураарын билдирди. Президент Владимир Путин ок атышууну күндүзгү саат 9дан 2ге чейин токтотууну буюрганын Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгуга шилтеме кылып, орус жаңылыктар агенттиктери жазып чыгышты.

Шойгунун айтымында, гуманитардык коридор жайкын тургундардын өкмөттүн курчоосунда калган бул аймактан чыгып кетишине мүмкүнчүлүк берет. Бул кабарга Сирия өкмөтү, көтөрүлүшчүлөр же Бириккен Улуттар Уюму азырынча пикирин билдире элек.

Дүйшөмбүдө БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш Сирияда кармашып жаткан тараптарды Коопсуздук кеңешинин ок атышууну 30 күнгө токтотуу чечимин дароо аткарууга чакырган.

"Өзгөчө Чыгыш Гута күтө албайт. Бул - жер жүзүндөгү тозокту токтотуунун учуру", - деп билдирген Женевадагы жыйында Гутерреш.

24-февралда БУУнун Коопсуздук кеңеши Сириядагы кармашты бир айга токтотуу тууралуу резолюцияны бир добуштан колдогон. Дамасктын четиндеги Гута аймагындагы бомба чабуулдарынан соңку апталарда 500дөн ашык адам мерт болгону кабарланууда.

Сириядагы жети жылга аяк баскан жарандык согушта Орусия президент Башар Асадды колдоп келет.

XS
SM
MD
LG