Линктер

шаршемби, 22-август, 2018 Бишкек убактысы 02:32

Казакстанда жол кырсыгына кабылган дагы бир кыргызстандык каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Алматы облусунда жол кырсыгына кабылган унаанын айдоочусу каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Андан алынган маалыматка ылайык, Бишкек-Алматы жолунда кыргыз жарандары түшкөн «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү автоунаа кырсыкка учурап, эки адам мерт болгон. Алардын бири Кыргызстандын жараны, экинчиси Кыргызстанда туулуп-өскөн Казакстандын жараны болгону такталган.

Ал эми унаанын айдоочусу оор абалда ооруканага түшүп, башына операция жасалган. Бирок ал эсине келбей жатып, өткөн түнү каза болду. Андан башка дагы эки жаран ооруканада дарыланууда.

Баштапкы маалыматка караганда, автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, автобус менен кагышкан.

Тышкы иштер министрлиги Алматыдагы кыргыз консулдары маркумдардын сөөгүн мекенине жөнөтүү боюнча иштеп жатканын билдирди. (BkA)

XS
SM
MD
LG