Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:32

Бишкекте балкар-кыргыз акыны Кайсын Кулиевдин 100 жылдыгы белгиленди


Кайсын Кулиев.
Кайсын Кулиев.

Бишкекте балкар акыны Кайсын Кулиевдин 100 жылдыгы белгиленди. Акындын мааракеси быйыл ТҮРКСОЙ Эл аралык уюму тарабынан түрк тилдүү мамлекеттерде белгиленип жатат.

“Балкардын жана бардык элдин акыны” атуу иш-чарага расмий өкүлдөр, Жазуучулар биримдигинин мүчөлөрү, элчиликтердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, илимдин, маданияттын, билим берүүнүн ишмерлери катышты.

Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин өз эли менен кошо келген акын атактуу чыгармаларын Кыргызстанда жазган. 1960-1970-жылдары Кулиевдин ар бир чыккан китеби совет адабиятында көрүнүктүү окуя болуп турган. Акындын чыгармалары жүздөн ашык тилге которулуп, Европада, Азияда жана Америкада жарык көргөн.

Акындын 100 жылдык мааракеси буга чейин Азербайжанда белгиленген. ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмунун өкүлдөрү мындан ары бул маараке Казакстанда, Түркияда уланарын билдирди. (ZA)

XS
SM
MD
LG