Линктер

жума, 25-май, 2018 Бишкек убактысы 01:20

Коомдук ишмер, мурдагы вице-премьер-министр Эсенгул Өмүралиевдин сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүндө жерге берилди. Маркум менен коштошуу расмиси Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында өттү. Ага премьер-министр Сапар Исаков баштаган жетекчилер, бир катар коомдук ишмерлер, Эсенгул Өмүралиевдин жакындары жана Бишкектин тургундары катышты.

Сапар Исаков өз сөзүндө Өмүралиевди эгемен Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн абдан чоң салым кошкон инсан катары сыпаттады.

68 жаштагы Эсенгул Өмүралиев 25-февралда Бишкекте узак оорудан соң дүйнө салган. Ал Кыргызстандын эгемендик жылдарында бир нече жолу министр, эки ирет вице-премьер-министр, Жогорку Кеңештин депутаты жана Ысык-Көл облусунун губернатору болуп иштеген.

2016-жылга чейин Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болуп эмгектенген.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG