Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Сулайман-Тоо музейинин жамааты жетекчинин кетишин талап кылууда


Сулайман-Тоо музейи.
Сулайман-Тоо музейи.

Сулайман-Тоо музей комплексинде иштеген 30дай кызматкер пикетке чыкты. Алар музейдин жетекчисинин кызматтан кетишин талап кылышууда. Пикетке чыккандардын айтымында, музей жетекчиси кызматкерлерге орой мамиле кылып, алардын укуктарын бузуп келет. Ошондуктан алар музейдин директору Абдыкайым Кангелдиев менен кесиптик кошуундун жетекчисинин кызматтан кетишин талап кылып, нааразылык иретинде имаратка жатып алышты.

Музейдин жетекчиси Абдыкайым Канкелдиев өз дарегине айтылган дооматтарды негизсиз деп эсептейт. Ал музейдеги реформаларга каршы чыккандар аны кызматтан кетирүүгө аракет кылып жатышканын билдирди.

Сулайман-Тоо музейи - Ош шаарындагы Сулайман-Тоодо жайгашкан этнографилык комплекс. Бул музейдин жетекчисин дайындоого байланыштуу буга чейин чыр чыккан. Былтыр ырчы Самара Каримова музей комплексине жетекчи болуп дайындалып, коомчулуктун катуу сын пикирине кабылган. Ошондон кийин ырчы бул кызматтан баш тартканын жарыялаган. Андан соң учурдагы директор Абдыкайым Кангелдиев дайындалган. (BkA)

XS
SM
MD
LG