Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:29

Чек ара кызматы “Достук” бекетиндеги абалга түшүндүрмө берди


"Достук" бекетинде кезек күткөн эл. 24-февраль, 2018-жыл.
"Достук" бекетинде кезек күткөн эл. 24-февраль, 2018-жыл.

Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” бекетиндеги кезек боюнча түшүндүрмө берди. Мекеменин маалыматына карагада, кыргыз тараптан да, өзбек тараптан да кезек күткөндөр катталууда. Мунун себеби катары эки өлкөнүн ортосундагы сооданын жанданышы белгиленген.

Буга байланыштуу Мамлекеттик чек ара кызматы учурда кошумча кабиналарды орнотуп, кырдаалды жөнгө салууга аракет кылып жатканын билдирди.

Ошондой эле мекеме "чек арачылардын айрымдары өткөрмө бекеттеринде кезек күткөндөрдөн пара алып жатат" деген маалыматты төгүнгө чыгарып, мындай мыйзамсыз иштерге барган кызматкерлерге катуу чара көрүлөрүн билдирди.

Буга чейин Жогорку Кеңеште “Достук” бекетиндеги тыгын боюнча маселе көтөрүлүп, айрым депутаттар чек арачылар 300-500 сомдон алып, адамдарды өткөрүп жатканын билдирген эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG