Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

Чыгыш Гутада беш сааттык ок атышпоо режими күчүнө кирет


Козголоңчулардын колунда турган Арбин шаарындагы балдар, 25.02.2018
Козголоңчулардын колунда турган Арбин шаарындагы балдар, 25.02.2018

Согуш жүрүп жаткан Чыгыш Гута аймагында эртең мененки 9дан саат 14кө чейин “гуманитардык коридор” жарыялоого Орусиянын президенти Владимир Путин буйрук бергенин коргоо министри Сергей Шойгу 26-февралда билдирди.

Күнүгө бул маалда “гуманитардык коридор” аркылуу согуш жүрүп жаткан жерде калган 393 миңдей карапайым адамдарга аймактан чыгып кетүүгө жол берилет.

"Франс-Пресс" агенттигинин Доума шаарындагы кабарчысы түнү бою ракета атылып чыкканын кабарлады.

24-февралда БУУнун Коопсуздук кеңеши Сириядагы кармашты бир айга токтотуп,согуш жүрүп жаткан аймактарга гуманитардык жардам жеткирүү тууралуу резолюцияны бир добуштан колдогон.

Өткөн аптада Чыгыш Гутада башталган бомбалоо сегиз күнгө созулуп, 560дөн ашуун адам өмүрү кыйылды. Алардын арасында балдар, аялдар жана активисттер бар.

XS
SM
MD
LG