Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

Балбандар Шаршенбеков менен Аматов Азия чемпионатынын финалына чыкты


Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосу. Бишкек, 26-февраль, 2018-жыл.
Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосу. Бишкек, 26-февраль, 2018-жыл.

Бишкекте өтүп жаткан күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков жана Урмат Аматов финалга жолдомо алышты. Бүгүн, 27-февралда мелдештин алгачкы күнүндө күрөштүн бул түрүнөн беш топтом медал ойнотулуп жатат.

Жоламан Шаршенбеков 55 кг салмакта Казакстан менен Кытайдын балбандарын жеңсе, 63 кг салмакта Урмат Аматов Корея менен Жапониянын өкүлдөрүн утту. Финалдык беттештер бүгүн саат 18:00до башталат. Жоламан Шаршенбеков жапониялык Шота Танакура менен алтын медал үчүн күрөшөт. Ал эми Урмат Аматов Рио Олимпиадасынын коло байгесинин ээси, өзбекстандык балбан Эмурад Тасмурадов менен Азия чемпиону наамын талашат.

Бүгүн килемге чыккан кыргызстандык балбандар Эсен Асанов (-77 кг), Азат Бейшебеков (-87 кг) жана Мурат Рамонов (-130 кг) баш байге үчүн таймаштардан четтеди, эми алар алдыда жооткотуучу таймаштарда күч сынашат.

Жоламан Шаршенбеков өспүрүмдөр (кадеттер) арасында Азия жана дүйнө чемпионаттарында коло байге алган (2016-ж.). Жаштар арасында Азия жана дүйнө чемпионаттарында күмүш медал тагынган (2017-ж).

Урмат Аматов - 2010-жылы өткөн жаштар арасындагы жайкы Олимп оюндарынын чемпиону.

Күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионаты Бишкекте 4-мартка чейин уланат. Эртең кыргызстандыктар Каныбек Жолчубеков (60 кг), Роман Царев (67 кг), Акжол Махмудов (72 кг), Атабек Азизбеков (82 кг) жана Үзүр Жусупбеков (97 кг) килемге чыгат. (SDz)

XS
SM
MD
LG