Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:26

Прагада акцияга чыккандар күрт лидерин бошотууну талап кылышты


Салих Муслим.
Салих Муслим.

Эки жүздөй киши Чехиянын баш калаасында көчөгө чыгып, Түркиянын талабы менен Прагада кармалган күрттөрдүн лидери Салих Муслимди бошотууну талап кылышты.

Сириядагы күрттөрдүн "Демократиялык биримдик партиясынын" мурдагы төрагасы Салих Муслим “Интерполдун” эскертүүсү менен 24-февралда Прага шаарында кармалган.

Дүйшөмбүдө Праганын эки жеринде - Ички иштер жана Юстиция министрликтеринин алдында жана Вацлав аянтында демонстрациялар өттү.

26-февралда Анкара Салих Муслимди өткөрүп берүүнү өтүнүп, Чехияга расмий түрдө кайрылды. Бул тууралуу түрк премьер-министринин орун басары Бекир Боздаг билдирди.

Күрттөрдүн лидеринин соту Праганын муниципалдык сотунда 27-февралга белгиленген.

Түркия террорчул топ болуп эсептеген бул партия Сириянын түндүгүндөгү күрттөрдүн башкы саясий уюму катары мүнөздөлөт. Муслим былтыр партиянын төрагалыгынан кетсе да Сириядагы күрттөрдүн арасында таасирин жоготкон эмес.

Түркия Салих Муслимди "өлкөнүн биримдигин бузду" деп айыптап, аны өткөрүп берүүнү талап кылган.

XS
SM
MD
LG