Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:07

Кадамжайдагы сурьма комбинатынын имаратын сатуу боюнча конкурс өтпөй калды


Кадамжай сурьма комбинатынын имараты.
Кадамжай сурьма комбинатынын имараты.

Кадамжайдагы сурьма комбинатынын башкы имаратын сатып алууга кызыккан кардар чыкпаганы үчүн конкурс кийинкиге калтырылды. Бул тууралуу имаратты сатыкка коюп жаткан "Ош электр" ишканасынын басма сөз катчысы Талгат Алиханов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, комбинаттын имаратынын баштапкы баасы 14, 689 млн. сомго бааланган. Бирок эки жолу тең аны сатып алууну каалаган кардар чыккан жок.

Кадамжай сурьма комбинатына ээлик кылган Казакстандын “АТФ инвест” аттуу компаниясы административдик имаратты "Ош электр" мыйзамсыз тартып алганын билдирип жүрөт. Ошондуктан казак ишканасы "комбинатка таандык имаратты сатыкка коюуга "Ош электрдин" укугу жок" деген жүйөсүн "Азаттыкка" билдирген.

“Ош электр” ишканасы ушул тапта сөз болуп жаткан имаратты сатыкка коюунун мыйзамдуулугун аныктоо боюнча атайын юристтер иштеп жатканын кабарлады.

Сурьма комбинатын казакстандык ишкерлер 2005-жылы сатып алган. Алар комбинаттын 8 миллион долларлык карызын төлөөгө жана 11 миллион доллар өлчөмүндө инвестиция салууга убада беришкен. Бирок тескерисинче комбинаттын карызы көбөйүп, жалпысынан 180 миллион сомдон ашык бересе болуп калганы кабарланган. (MdN)

XS
SM
MD
LG