Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Гонконгдо Компартиянын сунушуна каршы акция өттү


Кытай.
Кытай.

Бүгүн Гонконгдо ондогон адам жүрүшкө чыгып, Кытайдын өкүлчүлүгүнө барышты. Алар төрага Си Цзинпиндин бийликте чексиз мөөнөткө калышына жол ача турган өзгөртүүгө каршы экенин билдиришти.

- Бүгүнкү дүйнөдө биз демократиялуу коомго карай жогорулап бараткан учурда Кытай коммунисттик партиясы монархияны кайра калыптандырып, феодалдык жана диктаторлук турмушка көбүрөөк ыктап атат. Бул таптакыр туура эмес. Ал Кытайдын өнүгүшүнө зак кетирип, артка тартат жана диктатураны бекемдейт. Мунун зыяны эбейгейсиз, - деди жүрүштү уюштурган гонконгдук юрист Квок Ка-Ки.

25-февралда башкаруучу Коммунисттик партия "өлкө башчысы беш жылдан эки мөөнөткө гана кала алат" деген жобону алып таштоону сунуш кылган. Аны ​Кытай парламенти - Эл өкүлдөрү 5-мартта башталчу жылдык жыйында колдоп бериши мүмкүн болуп турат. (МТо)

XS
SM
MD
LG