Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

Си Цзинпин бийликте өмүр бою калабы?


Кытайдын лидери Си Цзинпин Компартиянын беш жылда бир өтчү жыйынында. 24-октябрь, 2017-жыл. Бээжин.
Кытайдын лидери Си Цзинпин Компартиянын беш жылда бир өтчү жыйынында. 24-октябрь, 2017-жыл. Бээжин.

Кытай лидери Си Цзинпиндин бийликтеги мөөнөтү узартылышы мүмкүн. Кытай Компартиясы мамлекет башчынын бийликте калуу мөөнөтүн аныктаган чекти алып салууну сунуштады. Башкача айтканда, буга чейин Кытайдын башчысы беш жылдан эки мөөнөт гана өлкөнү башкара алса, Си Цзинпин үчүн Баш мыйзамдагы бул жобо иштебеши мүмкүн.

Кытайдын учурдагы Баш мыйзамына ылайык, Коммунистик партиянын төрагасы Си Цзинпин бийликтен 2023-жылы кетиши керек. Бирок Кытай Коммунисттик партиясынын акыркы сунушу бул эрежени өзгөртчүдөй болуп турат.

Мамлекеттик “Синхуа” агенттиги 25-февралда маалымдагандай, Компартия өлкөнүн Конституциясындагы президент жана вице-президент “катары менен эки мөөнөттөн ашуун иштей албайт” деген жобону жоюуну сунуштады.

Мындай сунуш 5-мартта ишин баштачу Эл өкүлдөрүнүн жылдык жыйынын утурлай жасалды.

Негизи Кытайда президенттин бийлигин 10 жылдан ашырбоо жобосу Дэн Сяопиндин учурунда, 1982-жылы кабыл алынган. Ден Сояпин мындай жол менен Мао Цзедундун убагындагы “жеке адамдын бийлигине сыйынуу” жосунун жок кылууну көздөгөн.

Си Цзинпинге чейинки Кытайдын эки лидери Конституциянын ушул жобосун так сактап, эки мөөнөттөн соң бийликти өткөрүп беришкен.

Ошондуктан жаңы сунуш президент Синин бийликти өз колуна топтоо аракети катары кабыл алынып жатат.

Саясат таануучу Ху Цинду мамлекет башчысынын бийлик мөөнөтүн узартуу демилгесин тынчсыздануу менен кабыл алды:

- Баш катчы Си Цзинпиндин бийлиги тынымсыз бекемделүүдө жана бул нерсе фашизмге же жеке диктатурага айланып кетпейби деген тынчсыздануу жаратпай койбойт. Андай болсо мунун кесепеттери жаман болуп калышы мүмкүн.

Кытай лидери Си Цзинпиндин көчөдө илинген сүрөтү. 26-февраль, 2018-жыл. Бээжин.
Кытай лидери Си Цзинпиндин көчөдө илинген сүрөтү. 26-февраль, 2018-жыл. Бээжин.

​Ху Цинду Кытай компартиясынын башчысы өмүрүнүн аягына чейин бийликте калбашы керек деген пикирде. Ал Си Цзинпин 3-4 мөөнөт бийликте калышы мүмкүн деп божомолдойт.

Мамлекеттик Global Times басылмасы болсо Компартиянын сунушун жактаган маекти басып чыкты. Анда дагы бир саясат таануучу жана Компартия мүчөсү Шу Вэй 2020-2035 жылдары өлкө туруктуу, күчтүү лидерге муктаж болорун айтып, андай лидер Си Цзинпин экенин кыйыткан.

“Синхуа” маалымдагандай, Компартиянын Борбордук комитети Си Цзинпиндин дагы бир идеясын Конституцияга киргизүүнү сунуштады. Ал “Жаңы доор үчүн социализмдин кытайлык мүнөзү” деп аталат.

Си Цзинпин бийликке келгени Кытайда бир катар өзгөрүүлөр болду. Эң ириде өлкөдө коррупцияга каршы катаал кампания жүрүп, экономикалык реформалар ишке ашты.

Мындан улам өлкө калкынын бир бөлүгү Сини жаңы муундагы реформачыл катары кабыл алышкан. Алардын бири Хебей провинциясынын тургуну, бир кездеги темир жолчу Лю:

- Лидер катары ал бир катар реформаларды жүргүзүп, экономикалык өсүштү камсыздады. Тышкы саясатта да АКШнын чагымдарына алдырбай, катаал позицияда турду, - деп эсептейт.

АКШ президенти Доналд Трамп жана Кытайдын лидери Си Цзинпин жубайлары менен. 8-ноябрь, 2017-жыл. Бээжин.
АКШ президенти Доналд Трамп жана Кытайдын лидери Си Цзинпин жубайлары менен. 8-ноябрь, 2017-жыл. Бээжин.

Си Цзинпиндин Кытайды башкаруусуна дүйнөлүк коомчулук да тыкыр көз салып келет. Анын өлкөдөгү бекем позицияны ээлешине саясий жолу да себепкер деп саясат талдоочулар белгилешет.

Себеби 65 жаштагы Си Цзинпин Кытай компартиясын негиздөөчүлөрүнүн биринин үй-бүлөсүндө төрөлүп, өмүр жолу саясий күрөш менен өткөн.

-Элге пайда алып келген адам сөзсүз калкынын колдоосуна ээ болот. Президент Си эл үчүн көп жакшы иштерди кылды жана мен аны абдан жакшы көрөм, - дейт Хэбей провинциясынын дагы бир тургуну Суй айым.

Си Цзинпинди Компартия экинчи беш жылдык мөөнөткө аны былтыр октябрдагы курултайда бекиткен.

Өткөн аптада жарыяланган "Эл аралык мунапыс" уюмунун баяндамасында Си Цзинпин да адам укуктарына көңүл бурбай, башка өлкөлөргө жаман адаттарды жайылткан лидерлердин катарына кирген.

Кытай Компартиясынын мамлкетет башчысынын бийлик мөөнөтү боюнча сунушу 5-мартта баштала турган Эл өкүлдөрүнүн жылдык сессиясында каралышы күтүлүүдө.

Франция президенти Эммануэл Макрон жана Кытайдын лидери Си Цзинпин жубайлары менен. 8-январь, 2018-жыл. Бээжин.
Франция президенти Эммануэл Макрон жана Кытайдын лидери Си Цзинпин жубайлары менен. 8-январь, 2018-жыл. Бээжин.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG