Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Кытайда партиянын курултайы башталды


Бээжинде Кытайдын коммунисттик партиясынын 19-курултайы башталды. Жабык эшик артында өтүп жаткан жыйындын делегаттары дүйнөнүн экинчи ири экономикасын алдыдагы беш жылда ким жетектерин, өнүгүү багытын, пландарын аныктамакчы.

Беш жылда бир өткөн съездге дээрлик 89 миллион мүчөсү бар партиянын 2 300дөй делегаты катышып жатат. Кытай лидери Си Цзинпин үч жарым саатка созулган докладында өлкөнүн жетишкендиктерине токтолду.

Муну менен катар Кытай өнүгүүнүн маанилүү этабынын босогосунда турганын, алдыда чоң мүмкүнчүлүктөр ачылып жатканын белгиледи.

Си Цзинпин Кытай жаңыланууга, өзгөрүүлөргө даяр болууга тийиш деп, экономикалык реформалар жүргүзүлөрүн, анын алкагында чет өлкөлүк инвесторлорго түзүлгөн тоскоолдуктар азайтыларын убада кылды:

Кытай
Кытай

- Биз өлкөнүн мындан да ачык болушун камсыздаган кырдаал түзүүгө аракеттенебиз. Ачыктык прогресс алып келет, андай болбосо ийгиликке жетише албайбыз. Кытайдын эшиктери эч качан жабылбайт, тескерисинче, дүйнө үчүн ачык болот.

Алдыдагы беш жыл ичинде “кытайлык өзгөчөлүктөргө таянган социализм” партиянын жетектөөсү менен 14 негизги принциптерге ылайык өнүгөрүн билдирген Си Цзинпин Кытай башка өлкөлөрдүн саясий системаларын сокур кайталабашы керек деп кошумчалады.

- Саясий системаны жөн эле абстрактуу, социалдык же саясий шарттарды, тарыхый, маданий салттарды эске албай сындоо туура эмес. Бир кишини жогорку бийлик катары кабыл алуу же өзгөчөлүктөрдү көңүл сыртында калтырып коюп башка өлкөлөрдүн саясий системаларын сокур туурабаш керек.

Бээжин, 18-октябрь, 2017-жыл
Бээжин, 18-октябрь, 2017-жыл

Соңку беш жылда 60 миллиондой киши жакырчылыктан кутулганын айткан Кытайдын төрагасы сепаратизм, коррупцияга каршы катуу чаралар көрүлөрүн эскертти.

Паракорлук жана башка тартип бузууларга айыпталган партия мүчөлөрүн соттун чечимисиз камакка алуу, дисциплинардык комиссия тарабынан суракка тартуу практикасы Кытайда кеңири жайылган.

Эл аралык укук коргоо уюмдары сурак маалындагы кыйноолорго тынчсызданууларын билдирип келет. Кармалган адам сырткы дүйнө менен байланыша албай обочодо калат, ага адвокат да берилбейт. Бир нече киши камакта отурган кезде каза тапкандан кийин 2013-жылы эле бул системаны өзгөртүү керектиги айтыла баштаган.

Кытайча үйрөнүү татаал, бирок өз жемишин берет

Кытайча үйрөнүү татаал, бирок өз жемишин берет

Кытайда окуп жүрүп, ошол жерден жумуш табат, ошол эле маалда Кыргызстандан барып иштегендер да бар. Башкалар сыяктуу эле башында баары кыйынчылыкка тушугат, иш бардык эле учурда табыла бербейт. Кытайда тилмеч болуу үчүн кытай тилин жакшы билишиң шарт.

Си Цзинпин "антикоррупциялык чараларды реформалоо алкагында коммунисттик партия жашыруун суракка алуу практикасынан баш тартат" деди.

Си Цзинпин ошондой эле жумушсуздук, байлар менен кедейлер ортосундагы ажырым өңдүү маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарында көп проблемалар кала бергенин айтты.

Лидердин айтымында, 2050-жылга карай Кытай заманбап социалисттик кубаттуу державага айланат.

Бир жумага созулчу курултай Кытайдын беш жылдык жол картасын, мамлекетти ким жетектерин аныктайт. Съезддин жыйынтыктары боюнча партиянын саясий бюросунун комитети, бюронун өзү жана борбордук комитет өңдүү жогорку органдардын кадрдык курамы жаңыланып, уставы кайра каралып чыкмакчы.

2012-жылы коммунисттик партиянын башына келип ошондон бери бийликти өз колуна топтоого үлгүргөн Си Цзинпин дагы беш жыл кызматында калат деп күтүлүп жатат.

Курултай алдында коопсуздук органдары күчөтүлгөн режимде иштөөгө өткөн. Темир жол вокзалдары, кан жолдордо кошумча текшерүүлөр киргизилди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG