Азиянын эки дөө-шаасы Индия менен Кытай дипломаттарынын тарыхый талашы бар чек арадагы соңку тирешти жөнгө салууну караган макулдашуусу БРИКС уюмунун кезектеги саммитин утурлай жетишилди. Бул эки өлкө тең мүчө уюмдун саммити апта соңунда Кытайда болот.
Индия талаш аймактан аскерлерин жана жарак-жабдыгын 28-августта чыгарып кеткен.
Кытайдын тышкы саясий мекемесинин расмий өкүлү Хуа Чунин ошол эле күнү Бээжиндеги басма сөз жыйында буларга токтолду:
- Кытай алдыда да суверендүү укуктарын ишке ашырууну жана чек ара боюнча тарыхый келишимдерге ылайык өзүнүн аймактык суверенитетин коргоону улантат. Кытай өкмөтү Индия менен жакшы коңшулук достукту өнүктүрүүгө олуттуу маани берет. Биз Индия тарап да чек ара боюнча тарыхый келишимдерди, эл аралык укуктун башкы принциптерин сактайт деген үмүттөбүз.
Бээжин менен Нью-Делинин аскерлери Индия, Бутан жана Кытайдын чек аралары кесилишкен Доклам платосунда быйыл 18-июндан бери тирешип турган эле. Индия аскерлеринин ошол мезгилдеги кыймылын Бээжин чек арадан мыйзамсыз өтүү жана алар Дунлан дешкен аймакка кирүү деп атаган.
Нью-Делидеги бийликтер муну Кытайдын ал аймактагы аракети Индиянын түндүк-чыгыш ыптасынын коопсуздугуна коркунуч туудурганы, чек арадагы талаш жерлердин кво-статусунун бузулушу менен түшүндүргөн.
Гималай тоолорундагы Доклам платосуна аскер жылдырууда Индия Кытайдын эл жашабаган тоолуу аймакта жол куруусун токтотууну көздөгөн. Доклам платосунун коргонуусу жана коопсуздугу үчүн Индия жоопкер, кичинекей Бутан өлкөсү да аны өзүнүкү деп санайт.
Индиянын Тышкы иштер министрлиги талаш чек арадагы аскерлерди “ыкчам ажыратуу” деп атаган мунасага тараптар кандай шарттар менен жетишкени азырынча анык эмес:
- Эгер ажыратуу (аскерлерди) жөнүндөгү протокол эки тараптан тең талаптагыдай сакталса, бул Индия үчүн да, Кытай үчүн да утуш болот. Бул маселени жөнгө салуу үчүн эки жактын тең саясий жетекчилиги мактоого арзыйт, - деди жергиликтүү ANI агенттиги менен маегинде индиялык талдоочу Удай Бхаскар.
Жер талаштан улам Индия жана Кытай 1962-жылы бир ирет кыска мөөнөт согушкан болчу. Чек арадагы акыркы тирешүүгө тушташ Кытайдын айрым өкмөттүк гезиттеринде 1962-жылкы кыска согушта жеңилүүгө учураган Индия тарыхтан сабак алышы керек деген эскертүүлөр да айтылып жатты.
Талаш жерлердин көптүгүнөн улам эки коңшу узундугу 3500 чакырымдык чек ара сызыгын биротоло макулдаша албай келет. Маселен, Кытай Индиянын түндүк-чыгышынан Тибетке жакын жана алар түштүк Тибет деп аташкан 90 миң чарчы чакырым аймакты өзүнүкү деп эсептейт.
Индия болсо Гималай тоолорунун батыш бөлүгүндө, Аксай Чин платосунда азыр Кытайдын карамагында турган 38 миң чарчы чакырым аймакты өзүнүкү деп санайт. Ал эми Индия жол курулуусуна нааразы болгон Доклам платосун Кытай Британия менен 1890-жылы түзүлгөн келишимдин негизинде ага караштуу аймак катары көрөт.
Бул райондо жергиликтүүлөр “тооктун моюну” деп аташкан кууш коридор Индиянын материктик бөлүгүн – түндүк-чыгыштагы штаттар менен байланыштырып турат.
Индия бийликтери эгер Кытай Доклам платосун көзөмөлдөсө, бул кууш коридорду жаап, түндүк-чыгышты өлкөнүн негизги бөлүгүнөн ыкчам эле ажыратып салабы деп кооптонот.
Кытай менен Индия азыр дүйнөнүн калкы көп өлкөлөрү. БУУнун соңку божомолуна караганда, 2030-жылга чейин Индия калкынын саны жагынан Кытайды басып өтмөкчү. Бирок ушу тапта Индия экономикасы Кытайдыкынан беш эсе кичине.