Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Кытайдын Пакистан-Ооганстанга ортомчулугу


Ооган качкындарынын Кабулдагы лагери. 14-июнь, 2017-жыл.
Ооган качкындарынын Кабулдагы лагери. 14-июнь, 2017-жыл.

Кытай Ооганстан менен Пакистанга ортомчулук кылууга расмий киришти. Кытай тышкы иштер министринин Кабул менен Исламабадга сапарынан кийин тараптар кризистерди башкаруу боюнча биргелешкен механизм жаратууну макулдашканы кабарланды. Кытайдын ортомчулугуна бири экинчисине ишенбеген, бирок Бээжин менен бирдей жакшы мамиледеги Пакистан да, Ооганстан да оң карап тургандай.

Кытай Пакистан менен Ооганстанга ортомчулук кылары Шанхай Кызматташтык уюмунун ушул айдын башында Астанада өткөн саммитинен кийин белгилүү болгон эле.

Ооган президенти Ашраф Гани менен Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф акыркы ирет мына ошол эл аралык жыйында жолугуп, эки ортодо ишеним орнотууга аракеттенүү зарыл деп табышканы кабарланган. Ал саммитте Пакистан Индия менен кошо ШКУнун толук кандуу мүчөлүгүнө кабыл алынган эле. Ооганстан болсо уюмда мурдагыдай эле байкоочулук макамда.

Бээжиндин жогорку даражалуу чабарманы, тышкы иштер министри Ван И 24-25-июнь күндөрү оболу Кабулга, андан кийин Исламабадга токтоду. Пакистан борборундагы пресс-конференцияда ал сапарынын максаты тууралуу буларды айтты:

- Пакистан жана Ооганстандын өтүнүчтөрү, ошондой эле Кытай лидеринин көрсөтмөсү менен эки өлкөгө тең визит жасадым. Эң башкысы - эки тарапты тең угуу, кырдаалды түшүнүү, Пакистан менен Ооганстандын мамилеси оңолушуна колубуздан келишинче ал Ооганстандын ички улуттук элдешүү жараянына көмөктөшкүдөй кылып жардам берүү болду.

Пакистан менен Ооганстан ортосунда коңшулар иретинде карым-катыш болгону менен акыркы эки жылда алардын ансыз деле жакшы эмес мамилеси начарлап кеткен. Бул ириде тараптар бири экинчисин алардын аймактарындагы террордук чабуулдарга демөөрчүлүк кылды деп шек санашкандарына байланыштуу.

Мына ушундай шек саноо ооган расмийлеринде акыркы ирет май айында Кабулда 150дөй кишинин өмүрүн алган жардыруудан кийин да пайда болгон эле. Бирок кытай чабарманы менен бирге өткөрүлгөн басма сөз жыйында премьер Навази Шарифтин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Сартаж Азиз Пакистан Ооганстандагы тынчтыкты колдойт деп ырастады:

- Ооганстандагы тынчтык жана стабилдүүлүк биздин кызыкчылыгыбыз. Ооганстандагы туруктуулук бизге экономикалык өнүгүү жана аймактык байланыштар боюнча орток күн тартипти илгерилетүүгө мүмкүндүк берет. Ушул максатта Ооганстан, Пакистан жана Кытай тынчтыкты, коопсуздукту камсыздоо боюнча орток көйгөйлөрдү чечүүдө өз ара кызматташтыкты жана координацияны чыңдоону макулдашты.

Кытай тышкы иштер министринин сапары артынан үч тарап “кризистерди башкаруу” боюнча “биргелешкен механизм” түзүүнү макулдашты. Бул чек аранын кайсы тарабында болбосун террордук чабуулдар жасалган шартта байланышты кармоо үчүн зарыл деп айтылды.

Үч тарап ошондой эле министрлер деңгээлинде диалог форумун түзүүнү да макулдашып, ооган талиптерин элдешүү жараянына катышууга үндөштү. Алар мындан сырткары "Талибан" менен сүйлөшүүгө шарт жаратуу үчүн төртилик коодинациялык топтун иши жандануусу керек деген да турумун ачыкташты.

Ооган президенти Ашраф Гани Кытай лидери Си Цзиньпин менен жолуккан учур. 9-июнь, 2017-жыл.
Ооган президенти Ашраф Гани Кытай лидери Си Цзиньпин менен жолуккан учур. 9-июнь, 2017-жыл.

Мурда Ооганстан, Пакистан, АКШ жана Кытай ортосунда төртилик координациялык топ иштеген эле. Анын максаты - ооган өкмөтү менен "Талибан" ортосундагы тикелей сүйлөшүүлөргө көмөктөшүү болгон. Бирок топтун иши АКШ бир жылдай мурда Пакистанда "Талибандын" ошол кездеги лидери молдо Актар Мансурду дрон аркылуу жок кылгандан кийин токтогон.

Кытайдын ортомчулугу Ооганстанга кошумча аскер жиберүүнү пландаштырып жаткан учурга туш келди. Президент Дональд Трамптын администрациясы ага катар расмий Исламабадга "Талибан" жана анын өнөктөшү “Хаккани” кыймылы Пакистан аймагынан Ооганстанга кол салууларын токтотуусу үчүн кысым көргөзүүнү күчөтөт деп күтүлүүдө.

"Талибандын" жана "Хакканинин" террорчулары Ооганстанга кол салуу үчүн Пакистандагы башпаанектерин колдонуп жатканы АКШ Коргоо министрлиги - Пентагондун өткөн жумадагы баяндамасында айтылган.

Исламабаддын “Талибан” менен “Хаккани” кыймылдарына таасири бар болгону ооган президенти Ашраф Гани кытай тышкы иштер министри Ван И менен жолуккан соң анын кеңсеси тараткан билдирүүдө да белгиленген:

- Биз үчүнчү тарап ооган жана пакистан өкмөттөрүнүн ырастоолорун көзөмөлдөшүн көздөйбүз. Үч тараптуу жыйындын максаты мына ушул. Бул жыйындар аркылуу биз Пакистан тууралуу колдо бар, анын ичинде террорчуларды колдоо, террорчулардын башпаанектери боюнча маалыматтарды беребиз. Кытай өкмөтү мына ушуларды текшерүүсүн каалайбыз,- деди “Азаттыктын” ооган кызматына президент Ашраф Ганинин басма сөз өкүлү Дауа Хан Минапал.

АКШ менен Ооганстандан терроризмге каршы аракеттердин жетишсиздиги боюнча айтылган сынды пакистан лидерлери четке кагып келет.

Кытай тышкы саясий мекемесинин башчысы да Исламабаддан Пакистандын турумуна колдоо көргөздү:

- Пакистан такай терроризмге каршы күрөштүн алдыңкы сабында жүрөт. Ал терроризмге каршы күрөшүү ишине көп жылдан бери салым кошуп келди. Улуттук курмандыкка, чоң кун төлөөгө чейин барды. Биз Пакистандын аракеттерин таанып, макташыбыз керек. Пакистан терроризмге каршы эмес деген билдирүүлөрдүн баары жоопкерсиздик жана адилетсиздик.

Кытайдын азыр Пакистанды кызуу колдоп жатышынын да жүйөсү бар. Кытай-Пакистан экономикалык коридору, “Бир алкак, бир жол” долбоорлоруна байланыштуу Бээжин азыр Пакистанга миллиарддаган доллар инвестиция салууда. Өлкө азыр Кытайдын курал-жарагы үчүн да негизги кардарга айлана баштады.

Кытай инвестициясы Ооганстанда да бар. Бээжиндин экономикалык кызыкчылыктарын талдоочулар Ооганстандын азырынча кол тие элек табигый байлыктары менен байланыштырышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG