Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:59

2050: Дүйнө калкы 10 миллиардга жакындайт


Кытайдагы таңкы гимнастика
Кытайдагы таңкы гимнастика

Улуттар уюму дүйнө калкынын өсүү көрсөткүчү боюнча жаңыланган божомолун жарыялады. Ага ылайык, 2050-жылы калктын саны дүйнөдө 10 миллиардга чаап барат. Ал эми дүйнөдөгү эли эң көп өлкө деген макамды жакынкы жети-сегиз жылда эле Кытайдан Индия тартып алмакчы.

Улуттар уюмунун экономикалык жана социалдык иштер боюнча департаменти дүйнө калкынын көбөйүү көрсөткүчтөрү боюнча кайра каралган божомолу менен 21-июндагы атайын басма сөз жыйында тааныштырды.

Быйылкы доклад БУУнун ал түзүлгөндөн берки калк саны боюнча 25-божомолу. Акыркысы 2015-жылы жарыялаган:

- 2017-жылдын ортосунда дүйнө калкынын саны 7,6 миллиардга жакындады. Бул калк 2005-жылдан бери бир миллиардга, ал эми 1993-жылдан бери 2 миллиардга өстү дегендик. Соңку божомолдорубуз дүйнө калкы 2030-жылы 8,6 миллиардга, 2050-жылы 9,8 миллиардга жетерин ишара кылууда. Андан аркы узак мөөнөт боюнча белгисиздик көбүрөөк, бирок эң орточо эсеп боюнча 2100-жылы дүйнө калкынын саны 11, 2 миллиардга жетет деп болжолдойбуз, - деди Нью- Йорктогу пресс-конференцияда БУУнун калк боюнча бөлүмүнүн башчысы Жон Уилмос (John Wilmoth).

БУУ докладынын авторлорунун эсебинде, дүйнө калкынын саны азыр жылына болжол менен 83 миллионго көбөйүп жатат.

2050-жылга чейин дүйнө калкынын көбөйүшүнө негизги салымды тогуз өлкө: Индия, Нигерия, Конго, Пакистан, Эфиопия, Танзания, АКШ, Уганда жана Индонезия кошот.

Тизмеден көрүнүп тургандай, калк саны ыкчам өсө турган өлкөлөрдөн экөө Азияда, алтоо Африкада:

- Калктын өсүшү дүйнөдө бир ыргакта кетпейт. Иш жүзүндө өсүш белгилүү бир аймактарда эле концентрацияланган. Өзгөчө өсүш ыргагы Африкада жогору. Бүгүнтөн тартып, 2050-жылга чейинки өсүштүн жарымынан көбү мына ушул региондо болот деп күтүлүүдө. Мунун тескери жагы - Европада алдыдагы он жылдыктарда калк саны кыскарат. Демографиянын болочоктогу тенденциялары негизги үч: төрөт, өлүм жана миграция көрсөткүчтөрүндөгү өзгөрүүлөргө байланыштуу. Дүйнөнү жалпы алганда төрөт көрсөткүчү 1960-жылдардан бери эле ылдыйлап жатат. 2010-2015-жылдардын аралыгында дүйнөдө бир аялга 2,5 бала туура келди. Ал эми дүйнө аймактарына бөлсөк, эң төмөнкү деңгээл Европада бир аялга 1,6, эң жогоркусу Африкада 4,7 бала туура келди. Биз Африкада калктын тездик менен өсүүсү уланып, азыркыдан 2050-жылга чейин болжол менен эки эсеге көбөйөт, - деди БУУнун калк боюнча бөлүмүнүн башчысы Жон Уилмос (John Wilmoth).

2050-жылга барып, дүйнөнүн 10 миллиардга жакындап баруучу калкынын 5,2 миллиарды Азия, 2,5 миллиарды Африка континентинде жашаган болот.

2015-жылы "жалгыз бала" саясатынан толук баш тарткан Кытайда азыр 1,4 миллиард калк бар.

Бирок Улуттар уюмунун демографтарынын эсебинде, азыр 1,3 миллиард калкы бар Индия 2024-жылга барып эле Кытайдан биринчиликти тартып алат экен.

Индия калкы 2050-жылы 1,6 миллиардга жетет болжолдонсо, Кытайдыкы тескерсинче азыркыдан ылдыйлап, 1,3 миллиардга түшүп калат.

Азыр дүйнөнүн үчүнчү калктуу өлкөсү АКШ болуп турса, 2050-жылга барып, бул орунду Африкадагы Нигерия ээлейт.

Борбор Азиядан күтүлгөндөй эле эң калктуу өлкө Өзбекстан болот. 2050-жылы өлкө калкы азыркы 32 миллиондон 41 миллионго жетет. Казакстан, 23 миллионго,Тажикстан 14, 5 миллионго, Түркмөнстан 7,8 миллионго жакындайт.

Кыргызстан калкын БУУ быйыл 6 миллион 45 миң деп көргөзсө, 2030-жылы дээрлик 7 миллион, 2050-жылы 8,1 миллион деп болжолдойт.

Ал эми азыр мурдагы СССРдин тургундары үчүн жарандык алууну жеңилдеткен Орусияда БУУнун эсебинде, калк саны тескерисинече азайып, азыркы 144 миллиондон 2030-жылы 141, 2050-жылы 133- миллионго чейин төмөндөйт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG