Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:51

БРИКС: Кытай лидеринин чакырыгы


Кытай, Бразилия, Орусия, Түштүк Африка президенттери БРИКС саммитинде.
Кытай, Бразилия, Орусия, Түштүк Африка президенттери БРИКС саммитинде.

Кытайдын президенти Си Цзинпин БРИКС уюмунун мүчөлөрүн соодадагы протекционизмге каршы турууга, “дүйнөнү башкарууда активдүүрөөк болууга” чакырды.

Кытайдан тышкары Бразилия, Орусия, Индия жана Түштүк Африка Республикасынын башын бириктирген уюмдун жылдык саммитинде Си Цзинпин лидерлерди глобалдуу проблемаларды чечүү жолдорун биригип сунуш кылууга, орток кызыкчылыктарды коргоого үндөдү.

4-5-сентябрь күндөрү Кытайдын Сямэн шаарында өтүп жаткан бийик деңгээлдеги жолугушууга Бразилия, Орусия, Түштүк Африка президенттери Мишел Темер, Владимир Путин, Якоб Зума жана Индиянын премьер-министри Нарендра Моди катышууда.

Си Цзинпин БРИКС өлкөлөрү соода жана инвестиция, монетардык система жана финансы, туруктуу өнүгүү тармактарындагы кызматташтыкты өрчүтүүгө тийиш деп белгиледи:

- Дүйнөлүк ачык экономиканы орнотууну сүрөөнгө алып, сооданы либералдаштыруу жана соода процесстерин жөнөкөйлөштүрүү, дүйнөлүк экономиканы кайра бөлүштүрүүгө жетүү аракетин көрүүгө тийишпиз.

Саммит учуру.
Саммит учуру.

Саммит катышуучуларына кайрылып, президент Путин космосту өздөштүрүү, саламаттыкты сактоо жана маалымат коопсуздугу жаатындагы алакаларды кеңейтүүнү сунуш кылды.

ТАСС агенттиги кабарлагандай, Орус мамлекет башчысы ошондой эле БРИКС өлкөлөрүн биргелешкен энергетикалык изилдөөлөрдүн платформасын түзүүгө чакырды.

- Анын алкагында маалымат-аналитикалык жана илимий алмашууларды киргизсе болот, - деди Путин.

Уюмдун саммити ушуну менен тогузунчу ирет өткөрүлүүдө. Кытай лидери ошондой эле "БРИКС плюс" деген форматтагы жыйынга Тажикстан, Египет, Кения, Мексика жана Таиланд жетекчилерин чакырган.

БРИКС бириктирген мамлекеттер дүйнө калкынын 40 процентинен көбүн жана глобалдуу ички дүң өндүрүмдүн 22,5 процентин түзөт. Уюм Батыш үстөмдүк кылган глобалдуу экономикалык система өкүм сүргөн кезде мүчө-мамлекеттердин кызыкчылыктарын алга жылдыруу үчүн негизделген.

Бирок айрым сынчылар өлкөлөрдүн маданияты, башкаруу ыкмалары жана экономикалык системалары абдан айырмалангандыктан, уюмдун натыйжалуулугунан күмөн санашат.

3-сентябрда БРИКСтин бизнес лидерлери менен жолугушууда Си Цзинпин биздин максатыбыз "калктар ортосунда кызматташтыкты бекемедөө" деди:

- Бутуна туруп келаткан рыноктордун жана өлкөлөрдүн өнүгүүсү кимдир бирөөгө зыян алып келбейт, тескерисинче, дүйнөлүк өнүгүүгө салым кошот. Ачык экономикага карай багыт алып, алдынкы концепция жана анын элдин кызыкчылыгында иштөөсүн камсыздашыбыз керек.

Ошол эле күнү Кытай жана Орусия лидерлери өзүнчө жолугушууда Түндүк Кореянын соңку ядролук сыноосун талкуулашты.

Кытай жана Орусия лидерлери.
Кытай жана Орусия лидерлери.

"Синхуа" агенттигинин маалымдаганына караганда, президенттер Пхеньяндын ал аракетин айыпташты жана Корей жарым аралын атомдук куралсыз аймакка айлантуу максатынан тайбоо тууралуу макулдашышты.

Айрым байкоочулар сыноонун Кытай саммит өткөрүп жаткан учурга туш келиши Пхеньяндын негизги шеригин - Бээжинди өтө кыжырдантты дешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG