Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:46

Пхёнчхаңдагы паралимпиадага Орусиядан 30 атлет катышат


Cочи олимпиадасынын чемпиону Роман Петушков, 14.03.2014.
Cочи олимпиадасынын чемпиону Роман Петушков, 14.03.2014.

Орусиялык сноубордисттер, лыжачылар жана кёрлингчилер бейтарап желектин алдында таймашка чыгышат. Дүйнөлүк оюндарга барууга машыктыруучулардан жана техникалык кызматкерлерден 39 киши уруксат алды. Көзү начар көргөн алты лыжачынын коштоочулары да барат. Бул тууралуу Эл аралык паралимпиада комитети билдирди.

Пхёнчаңга барчу орусиялык атлеттер акыркы жарым жылда кеминде эки жолу кызытмага каршы тесттен өтүшкөн.

Орусиялык паралимпиадачылардын курамасын Эл аралык комитет Пхёнчаңдагы мелдештерден четтеткен.

Кышкы Паралимпиада оюндары Түштүк Кореяда 8-18-мартта өтөт.

XS
SM
MD
LG