Сириядагы Чыгыш Гута аймагынын карапайым тургундары шейшембиде күндүзгү саат 9дан 2ге чейин жарыяланган “гуманитардык тыныгуу” маалында согуш жүрүп жаткан жерден чыгып кете алышкан жок.
Орусия тургундарга чыгып кетүүгө жол бербей койгону үчүн Башар Асаддын режиминин каршылаштарын, “террорчулар” менен козголоңчуларды айыптады. Козголоңчулар болсо карапайым элдин коопсуздугун камсыздай алган жок деп Орусияны сындады.
Орусиянын президенти Владимир Путин киргизген “гуманитардык коридор” начар уюштурулганын Эл аралык Кызыл чырым уюму жана Сириядагы адам укуктарына көз салган обсерватория да билдирди.
24-февралда БУУнун Коопсуздук кеңеши Сириядагы кармашты бир айга токтотуп, согуш жүрүп жаткан аймактарга гуманитардык жардам жеткирүү тууралуу резолюцияны бир добуштан колдогон.
Өткөн аптада Чыгыш Гутада башталган бомбалоо сегиз күнгө созулуп, 560дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды. Алардын арасында балдар, аялдар жана активисттер бар.